"Жаңгак дарагы" Бразилиядан сыйлык менен кайтты

Кинотасма чет өлкөдөгү фестивалдардан 22 сыйлык алды.

1903817
"Жаңгак дарагы" Бразилиядан сыйлык менен кайтты

Режиссёр Файсал Сойсалдын "Жаңгак дарагы" кинотасмасы 6-Эл аралык Бразилия кинофестивалында "Эң мыкты тасма" сыйлыгына татыктуу болду.

Башкы ролдорду Сердар Орчин, Сезин Акбашогуллары, Күбра Кип, Мерт Явузжан, Шебнем Диллигил жана өткөн аптада дүйнөдөн кайткан Рыза Акын аткарган фильм чет өлкөдөгү фестивалдардан 22 сыйлык алды.

Маданият жана туризм министрлиги менен Түркия радио-телекөрсөтүү мекемесинин (TRT) колдоосунда тартылган тасма 27-Адана кинофестивалы, Торино андерграунд кинофестивалы, Балкан панорама кинофестивалы жана 6- London City Awards фестивалы сыяктуу көптөгөн фестивалдардан сыйлыктарды алган.

«Жаңгак дарагы» тасмасы 28-ноябрдан 3-декабрга чейин Италияда өтө турган 76-Салерно кинофестивалынын негизги сынагына да тандалды.

Иранда көрсөтүлүп жаткан фильм 10-ноябрда «Taste of Anatolia» кинофестивалынын алкагында Британиянын борбор шаары Лондондо көрүүчүлөргө тартууланат.



Тектеш кабарлар