THY "APEX World Class" сыйлыгы менен сыйланды

APEX тарабынан берилген сыйлыктар 26-октябрда АКШнын Калифорния штатындагы Лонг-Бич шаарында өткөн APEX/IFSA EXPOдо ээлерине тапшырылды.

1901270
THY "APEX World Class" сыйлыгы менен сыйланды

Түрк аба жолдору (THY) дүйнөнүн эң ишенимдүү жана кадыр-барктуу авиация уюмдарынын бири катары кабыл алынган Airline Passenger Experience Association (APEX) тарабынан "APEX World Class" жана "2023-жылдын беш жылдыздуу глобалдык аба жолу" сыйлыктарына татыктуу деп табылды.

THYнын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда APEX баалоолору, дүйнө жүзү боюнча 600 авиакомпания тарабынан жүргүзүлгөн 1 миллиондон ашуун каттамга жүргүнчүлөрдүн баа бериши менен аныкталат.

APEX тарабынан жүргүзүлгөн көз карандысыз текшерүүлөрдүн натыйжасында Түрк аба жолдору экинчи жолу катары менен "APEX World Class" сыйлыгын жеңип алды.

Быйыл экинчи жолу өткөрүлгөн жана дүйнөдөгү аз сандагы авиакомпанияларга берилген "APEX World Class 2023" сыйлыктарына 8 гана авиакомпания татыктуу деп табылды.

Дүйнөнүн эң көп багыттарына учкан THY да жүргүнчүлөрдүн рейтингине жараша быйыл алтынчы жолу «Беш жылдыздуу глобалдык аба жолу» аталды.

APEX тарабынан берилген сыйлыктар 26-октябрда АКШнын Калифорния штатындагы Лонг-Бич шаарында өткөн APEX/IFSA EXPOдо ээлерине тапшырылды.



Тектеш кабарлар