Гаванада Түркия-Куба көргөзмөсү

Көргөзмө бир аптага созулат.

1900897
Гаванада Түркия-Куба көргөзмөсү
turkiye-kuba sergi.jpg
havana turkiye-kuba sergi.jpg

Түркия-Куба дипломатиялык карым-катнаштарынын 70 жылдыгына арналган фото көргөзмө Кубанын борбор шаары Гаванада ачылды.

Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги (ТИКА) тарабынан уюштурулган жана Тарыхый төңкөрүш аянтында жайгашкан Гавана Улуттук китепканасындагы көргөзмөнүн ачылышында сөз сүйлөгөн Түркиянын Гавана элчиси Вехби Эсгел Этенсел долбоорго көрсөткөн колдоосу үчүн Куба бийлигине ыраазычылык билдирди.

Кубанын Тышкы иштер министрлигинин атынан сөз сүйлөгөн Елена Касера ​​Меса болсо эки өлкөнүн алакаларынын маанисин эске салып, элчилик менен ТИКАга эки өлкөнүн карым-катнаштарына кошкон салымы үчүн ырахмат айтты.

Көргөзмө бир аптага созулат.



Тектеш кабарлар