Өлкө тышында да республика майрамы белгиленүүдө

Кыргызстандын борбору Бишкекте 29 - Октябрь Республика күнү  иш-чаралар менен белгиленди

1899345
Өлкө тышында да республика майрамы белгиленүүдө

Түркия Республикасынын негизделишинин 99 жылдыгына карата дүйнө жүзү боюнча салтанаттар өткөрүлүүдө.

Кыргызстандын борбору Бишкекте 29 - Октябрь Республика күнү  иш-чаралар менен белгиленди.

Түркиянын Бишкектеги элчиси Ахмет Садык Доган сүйлөгөн сөзүндө : «Бүгүн Түркия Республикасынын 99 жылдык майрамын баарыбыз сыймыктануу  жана толкундануу менен белгилеп жатабыз»,- деди.

Доган Республиканын негиздөөчүсү Гази Мустафа Кемал Ататүрктү жана боштондук согушун жеңишке жеткирген  баатырларды жана шейиттерди эскеришкендерин айтты.

Түркия Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 99 жылдыгы Кыргыз - Түрк «Манас» университетинде (КТМУ) да белгиленди.

Азербайжандын борбор шаары Бакудагы Түрк көрүстөнүндө 29 - Октябрь Республика майрамынан улам азем өткөрүлдү. Аземге Түркиянын Бакудагы элчиси Жахит Багжы, аскердик аташе, генерал Зекерия Ялчын, Азербайжанда иш алып барган түрк мекеме жана уюмдарынын өкүлдөрү, элчилик жана атташе кызматкерлери, ишкерлер, студенттер жана жарандар катышты.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) борбор шаар Лефкошада Ататүрктүн эстелигинде азем өткөрүлдү.

Президент Эрсин Татар аземде кол койгон эскерүү китебине төмөнкүлөрдү жазды : «Улуу жол башчы Гази Мустафа Кемал Ататүрк, биз бүгүн түрк улутунун Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги ажырагыс бөлүгү катары чоң кубаныч менен Түндүк Кипр Түрк Республикасында ата мекен Түркия Республикасынын 99 жылдыгын чоң толкундануу менен белгилеп жатканыбызга сыймыктанабыз. Гази Мустафа Кемал Ататүрктү жана анын куралдаштарын ыраазычылык менен эскерем, мекенибиз Түркия Республикасынын Республика күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм».

Америка Кошмо Штаттарында 29 - Октябрь Республика күнүнө карата Нью-Йорк шаарындагы Түрк үйүндө Түркиянын Вашингтондогу элчиси Хасан Мурат Мержан жана Нью-Йорктун башкы консулу Рейхан Өзгүр тарабынан кабыл алуу уюштурулду.

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар