Аланияда Рим дооруна таандык кеме куруучу завод табылды

Рим, Византия, Селжук жана Осмон цивилизацияларына мекен болгон Алания сепили архитектуралык курулуштары, дубалдары, кеме куруучу жайы жана Кызылкуле менен көңүлдөрдү бурат.

1893953
Аланияда Рим дооруна таандык кеме куруучу завод табылды

Антальянын Алания районундагы тарыхый Алания сепилинин Кызылкуле мунарасынын алдындагы Согуккапы пляжында суу астында жүргүзүлгөн казуу иштеринде Рим дооруна таандык кеме куруучу завод табылды.

Рим, Византия, Селжук жана Осмон цивилизацияларына мекен болгон Алания сепили архитектуралык курулуштары, дубалдары, кеме куруучу жайы жана Кызылкуле менен көңүлдөрдү бурат.

Эллинизм доорунда жарым аралда 10 гектардык аянтка курулган жана 6 километр узундуктагы дубал менен курчалган Алания сепили жергиликтүү жана чет элдик туристтер көп барган жерлердин арасында.

Акдениз университетинин (AU) Орто кылым археология бөлүмүнүн окутуучусу жана Алания сепилинин казуу башчысы профессор доктор Осман Эравшар: «Казуулар учурунда суу астынан Рим дооруна таандык кеме куруучу завод жана кеме токтоочу жай табылды»,-деди.

Эравшар, казууларда Осмон дооруна таандык араста да баштапкы план схемасы боюнча маалыматтарды тапкандарын кошумчалады.



Тектеш кабарлар