Кахраманмарашта 7 миң 600 жылдык мөөр табылды

Хажеттепе университетинин адабият факультетинин археология бөлүмүнүн доценти доктор Халил Текин, Домузтепе дөбөсүндөгү быйылкы казууларда баалуу табылгаларды тапкандарын айтты.

1891857
Кахраманмарашта 7 миң 600 жылдык мөөр табылды

Кахраманмараштын Түркоглу районундагы Домузтепе дөбөсүндө жүргүзүлгөн казуу иштеринде 7 миң 600 жыл мурункуга таандык, мүйүздүү эки жаныбар баштуу мөөр табылды.

Маданият жана туризм министрлигинин координациясында, Хажеттепе университетинин адабият факультетинин археология бөлүмүнүн доценти доктор Халил Текин, акыркы неолит дооруна таандык отурукташуу жери болгон Домузтепе дөбөсүндөгү быйылкы казууларда баалуу табылгаларды тапкандарын айтты.

Текин болжол менен 7 миң 600 жылдык деп эсептелген мөөрдүн бодо малды үйрөтүү процессине жарык бере аларын белгиледи.

Доцент доктор Текин мөөрдүн негизи мүлктүн бар экендигинин материалдык далили катары кабыл алынганын билдирди.



Тектеш кабарлар