Байрактар ​​Кызылелма Самсунда

TEKNOFEST Кара деңиздин финалдык жарыштары эртең Самсунда башталат.

1873557
Байрактар ​​Кызылелма Самсунда
kizilelma.jpg
gokbey.jpg
hurkus.jpg

Байкар технология тарабынан долбоорлонуп иштелип чыккан «Байрактар ​​Кызылелма» учкучсуз согуштук учак Самсунда 30-августта эл назарына тартууланат.

Дүйнөдөгү эң ири авиация жана космос фестивалы TEKNOFEST Кара деңиздин финалдык жарыштары эртең Самсунда башталат.

Самсун Чаршамба аэропортунда 30-августтан 4-сентябрга чейин өткөрүлө турган TEKNOFEST Кара деңизде ата мекендик жана улуттук ресурстар менен иштелип чыккан учкучсуз согуштук учак «Байрактар ​​Кызылелма» да көргөзмөгө коюлат.

TEKNOFESTтин баш катчысы Өмер Көкчам Байрактар ​​Кызылелманын Самсунга алып келингенин айтты.

Көкчам: «Кызылелма быйыл биринчи жолу эл назарына тартууланат. Буюрса кийинки жылы учурулат жана биз бул өлкө менен чындап сыймыктана турган көрүнүшкө туш болобуз. Фестивалга келген ар бир адам биздин сыймык булагыбызды көрүү мүмкүнчүлүгүн табат»,-деди.



Тектеш кабарлар