Монголияда Илтериш Кагандын комплекси табылды

Эл аралык Түрк академиясынын төрагасы Дархан Кыдырали борбор шаар Улан-Батордо бул темага арналган маалымат жыйынында маалымат берди.

1871991
Монголияда Илтериш Кагандын комплекси табылды

Монголиянын Өтүкен аймагында жүргүзүлгөн илимий казуу иштеринин натыйжасында Гөктүрк мамлекетинин башкаруучулары Билге каган менен Күл Тегиндин атасы Илтериш кагандын комплекси жана жазуусу табылды.

Эл аралык Түрк академиясынын төрагасы Дархан Кыдырали борбор шаар Улан-Батордо бул темага арналган маалымат жыйынында Монголиянын Археология институтунун адистери менен Өтүкен аймагындагы Номгон түздүгүндө 2019-жылы башталган казуу иштеринин ийгиликтүү натыйжаланганын айтты.

Казуу иштеринин натыйжасында Билге Каган менен Күл Тегиндин атасы Илтериш Каган комплекси жана жазуусу табылганын белгилеген Кыдырали: «Эстеликтин текстинен алынган маалыматтардын негизинде, Номгон комплекси Гөктүрк каганатын кайра жандандырган Күл Тегин менен Билге кагандын атасы Илтериш Кутлук каганга арналган деген тыянак чыгарылган. Мындан тышкары, бул комплекс «Түрк» аты биринчи жолу айтылган Гөктүрк мезгилинин эң байыркы жазма эстелиги катары кабыл алынган»,-деди.

Дархан Кыдырали батыштан чыгышка карай сүйрү формада курулган комплекс 49 чарчы метр аянтты түзөрүн билдирди.

Мындан тышкары комплекстин дарбазасына 51 балбал таш ирээти менен тизилгенин белгилеген Кыдырали, комплекстин ичинде сыйынуучу жай бар экенин далилдеген кыш калдыктары жана жолго чопо төшөлгөндүгүн маалымдады.

Кыдырали Эл аралык Түрк академиясы катары Номгон казууларынын жыйынтыгы боюнча илимий китеп даярдай турганын жана аны бардык түрк мамлекеттеринин борборлорунда жайылтууну пландап жатышканын билдирди.



Тектеш кабарлар