Памирлик кыргыздардын Түркийеге келишинин 40 жылдыгы белгиленди

Вандын Эржиш районунун Улупамир районунда кыргыз түрктөрүнүн Түркийеге келгенинин 40 жылдыгы иш-чара менен белгиленди.

1871884
Памирлик кыргыздардын Түркийеге келишинин 40 жылдыгы белгиленди
uLUPAMİR KIRGIZ TÜRKLERİ 40.YILDÖNÜMÜ 1.jpg
ULUPAMİR KIRGIZ TÜRKLERİ 40.YILDÖNÜMÜ 2.jpg

Вандын Эржиш районунун Улупамир айылында кыргыз түрктөрүнүн Түркийеге келгенинин 40 жылдыгы иш-чара менен белгиленди.

1982-жылы Ооганстандын Памир тоосунан көчүп келип, Ван шаарынын Эржиш районунун борборунан 30 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Улупамир конушунда отурукташкан кыргыздар Түркияга келгенинин 40 жылдыгына карата маданий фестиваль уюштурушту.

Көрүстөндү зыярат кылуу, бир мүнөттүк таазим кылуу жана Мамлекеттик гимн ойнолгондон кийин иш-чара ордо оюну менен уланды.

Бул жерде сөз сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын Стамбулдагы башкы консулу Лира Сыдыкова: «Кыргыздын макалында айтылгандай «Чыры бир бөлүнөт, түбү бир биргет» деп айтып бир туугандыгыбыз түбөлүктүү болсун. Баарыңыздарга ыраазычылык билдирем»,-деди.

Бир тараптан түркүн түстүү көрүнүштөр орун алган иш-чарага катышкан Эржиш районунун акими жана мэрдин орун басары Нури Мехметбейоглу, бул жерди бүт улупамирлик боордошторубуз өз мекени катары билишип, эңсеген тилектерин ушул жерден аткарып жашоосун улантышууда. Бүгүнкү күндө көптөгөн мамлекеттик мекемелерде улупамирлик туугандарыбызды агаларыбызды көрүп жатабыз. Айрымдары университеттин студенттери, кээ бири офицер, мугалим жана медайым болуп иштешет. Алардын өлкөбүзгө келгенинин 40 жылдыгында Кыргызстанда да, районубузда да болуп өткөн иш-чараларга келген адамдарды урматтоо менен куттуктайм»,-деди.

Түрк Мамлекеттери Уюмундагы Кыргызстандын өкүлү Арслан Койчиев өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Улупамирлик кыргыз түрктөрүнүн 40 жылдык мааракесин куттуктаганын билдирди.

Кыргыз Түрктөрүнүн маданият жана тилектештик коомунун төрагасы Абдулметин Кескин, кыргыз түрктөрүнүн Түркияга келишинин 40 жылдыгына карата атайын иш-чара уюштургандарын белгилеп, «Жол кырсыгында каза болгондор үчүн аза күтүү жарыяланды. Бул окуяда каза болгондорго Аллахтан ырайым тилейбиз. Жаткан жери бейиш болсун. Ошондуктан биздин программа чектелүү болуп калды. Бул мааракеге карата 40 жылдык программанын алкагында шейиттерибиздин, өзгөчө лидерибиз Рахман Хандын бейитине зыярат кылып, дуба кылдык. Түркия Республикасына ыраазычылык билдиребиз. 40 жылдан бери Түркияда жашайбыз. Алар ар дайым биз менен жана биздин жаныбызда болушту»,-деп айтты.

Иш-чараны улай келген коноктор Улупамирдеги кыргыздардын үйлөнүү үлпөтүнө күбө болушту.

 



Тектеш кабарлар