Жейкоб Моррис Түркияда концерт берет
Стамбулдагы концерт бекер өткөрүлөт.
1845872
Кантри музыкасынын АКШдагы эң мыкты өкүлдөрүнүн бири катары таанылган ырчы Жейкоб Моррис Түркияда концерт берет.
Моррис АКШнын Стамбулдагы башкы консулдугунун кызматташтыгында 27-июнда угармандар менен жолугушат.
14 жашында гитара чертип, обон чыгара баштаган Моррис 2016-жылы чыккан "Storm/Бороон" аттуу биринчи сингли менен бүт өлкөгө таанылган.
2020-жылы жарыялаган акыркы сингли "Tennessee Honey" менен музыкалык тизмеге кирген Жейкоб Моррис Нашвиллде да көптөгөн концерттерди берди.
Стамбулдагы концерт бекер өткөрүлөт.