Горан Брегович Түркияда концерт берет
КүчүкЧифтлик паркында бир күн бою улана турган концерттик иш-чара 7-майда болот.
1820093
Балкан музыкасынын белгилүү ысымдарынын бири Горан Брегович Түркияда концерт берет.
Брегович, немис ырчысы Шантел, Баба Зула жана Ахыркапы Роман оркестри «Жүз пайыз музыка тартуулайт: Стамбулда жаз» аттуу концертте сахнага чыгышат.
КүчүкЧифтлик паркында бир күн бою улана турган концерттик иш-чара 7-майда болот.
Альтернативалык музыка тобу Адамлар да 8-майда КүчүкЧифтлик паркынын "100% музыка тартуулайт: Паркта рок" аттуу концерттик сериясынын алкагында музыка сүйүүчүлөр менен жолугушат.