Сауд Арабияда өткөн азан айтуу конкурсунда эки түрк ийгиликке жетишти

Сауд Арабияда өткөрүлгөн Куран жана азанды кооз окуу сынагында азан категориясында Түркиядан Мухсин Кара биринчи, Алпжан Челик экинчи орунду алды.

1815658

Сауд Арабиянын расмий SPA агенттигинин кабарына караганда, жалпы 12 миллион риал (3,2 миллион доллар) сыйлык менен «Итру-л Келам» деп аталган Куран жана азан окуу сынагынын финалы өткөрүлдү.

Куранды кооз окуу сынагында марокколук Юнус Мустафа Гарби биринчи,  Британиядан  Мухаммед Эйуб Асиф экинчи, Бахрейнден  Мухаммад Мукахид үчүнчү орунду алды.

«Кооз азан окуу» категориясында Шаркышла Равза мечитинин имамы Мухсин Кара биринчиликти, Эмирган Хамид-и Эввел мечитинин имамы Алпжан Челик экинчи орунду, Сауд Арабиядан Абдуррахман бин Адил үчүнчү орунду алды.

Тектеш кабарлар