Аясофияда 88 жылдан кийин биринчи таравих намазы окулду

Аясофия мечитинде 88 жылдан кийин алгачкы таравих намазына Дин иштери боюнча башкармасы Али Эрбаш имамдык кылды.

1805987
Аясофияда 88 жылдан кийин биринчи таравих намазы окулду

 Стамбулдагы Аясофия  мечитинде 88 жылдан кийин биринчи жолу таравих намазы окулду.

«Фетихтин символу» деп аталган жана 86 жылдан кийин кайрадан ибадатка ачылган мечитте эпидемиядан улам 2 жыл кечигүү менен окулган таравих намазынын кубанычы жашалды.

Биринчи таравих намазына туруу  үчүн  мечитке келген жарандар мечиттин ичин жана Султанахмет аянтын да толтурушту.

Аясофия мечитинде 88 жылдан кийин алгачкы таравих намазына Дин иштери боюнча башкармасы Али Эрбаш имамдык кылды.

Намаздан кийин жамаат менен дуа кылган Эрбаш жарандарды Рамазан айы менен куттуктады. Аясофия мечити рамазан айында 24 саат ачык болот.



Тектеш кабарлар