«Klondike» Швейцариядан 3 сыйлык менен кайтты

Сыйлык тапшыруу аземине режиссер Марина Эр Горбач менен биргеликте тасманын продюсери Мехмет Бахадыр Эр да катышты.

1802959
«Klondike» Швейцариядан 3 сыйлык менен кайтты

ТРТнын колдоосу менен тартылган жана Марина Эр Горбачтын режиссерлугундагы «Klondike» тасмасы Швейцарияда өткөрүлгөн 36-Эл аралык Фрибург кино фестивалында 3 сыйлыкка ээ болду.

Украина-Түркия биргелешип тарткан киного «Эл аралык сынактын эң мыкты тасмасы», «Жаштар калыстар тобунун ардак сыйлыгы» жана «Кино сынчыларынын эң мыкты тасмасы» сыйлыктары берилди.

Сыйлык тапшыруу аземине режиссер Марина Эр Горбач менен биргеликте тасманын продюсери Мехмет Бахадыр Эр да катышты. Горбач салтанатта сүйлөгөн сөзүндө согушта өз өлкөсүн коргогон украиналык өнөрпоздорго көңүл бурду.

8-19-апрель күндөрү 41-Стамбул кинофестивалынын «Улуттук конкурс» бөлүмүндө «Klondike» тасмасынын Түркия бет ачары болот. Бул тасма, 14-апрелде тартуучу топтун катышуусунда көрсөтүлөт.

Тасмада Украина-Орусия чек арасында жашаган, айылы жикчил топтордун курчоосунда калганына карабастан үйүнөн чыгуудан баш тарткан кош бойлуу аялдын окуясы баяндалат. 



Тектеш кабарлар