Biontechтин негиздөөчүлөрү Германиянын эң маанилүү илимий сыйлыгы менен сыйланды

BioNTechтин негиздөөчүлөрү Түрежи жана Шахин менен компаниянын жетекчисинин орун басары Карикого 120 миң евролук «Пол Эрлих жана Людвиг Дармштадтер-2022 сыйлыгы» тапшырылды.

1795681
Biontechтин негиздөөчүлөрү Германиянын эң маанилүү илимий сыйлыгы менен сыйланды

Жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) вакцинасын иштеп чыккан түрк илимпоздору профессор доктор  Өзлем Түрежи менен проф. др. Угур Шахин жана венгриялык илимпоз проф. др. Каталин Карико Германияда медициналык дүйнөдөгү эң маанилүү сыйлыктардын бири болгон "Пол Эрлих жана Людвиг Дармштадтер-2022 сыйлыгын" алды.

Германиянын биотехнология фирмасы BioNTechтин негиздөөчүлөрү Түрежи жана Шахин менен компаниянын жетекчисинин орун басары Карикого Франкфуртто өткөрүлгөн аземде 120 миң евролук «Пол Эрлих жана Людвиг Дармштадтер-2022 сыйлыгы» тапшырылды.

Пол Эрлих фондунун башчысы Томас Боем аземде сүйлөгөн сөзүндө Түрежи, Шахин жана Кариконун алдын алуу жана дарылоо максатында кабарчы РНКны (mRNA) өнүктүрүшкөнү үчүн сыйланганын, үч илимпоздун бул изилдөөлөрүнүн натыйжасында Ковид-19га каршы эффективдүү вакцина табылганын айтты.

Британиянын Кембридж университетинен Жон Уолкер да, BioNTech компаниясындагы илимпоздордун Ковид-19га каршы иштеп чыккан вакцинасынын дүйнө жүзү боюнча сансыз адамдарга пайда алып келгенин белгиледи.

BioNTechтин башкы директору Шахин аземде сүйлөгөн сөзүндө сыйлыкты илим дүйнөсүнүн атынан алганын белгилеп, буга сыймыктангандарын баса белгиледи.

 



Тектеш кабарлар