Замир Арыкбаев Анкарада концерт койду
5-март Ак калпак күнү жана 8-Март Аялдардын эл аралык күнүнө арналган иш-чарага ырчы Замир Арыкбаев чакырылып мекендештердин жарпын жазды.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Замир Арыкбаев жана аны коштогон топ Анкарада концерт койду.
5-март Ак калпак күнү жана 8-Март Аялдардын эл аралык күнүнө арналган иш-чарага ырчы Замир Арыкбаев чакырылып мекендештердин жарпын жазды.
Концерт бардык жарандар үчүн акысыз уюштурулуп, Түркиядагы кыргыз диаспорасынын активдүү мүчөлөрү болгон «UBS Экспресс Карго» компаниясынын жетекчилери демөөрчү болду.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Түркиядагы атайын ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев өзү баштап ак калпак кийип келди жана ошондой эле Элчиликтин кызматкерлери, ишкер Айбек Сарыгулов, меценат Мирлан Исагалиев, ишкер Тимур Такабаев жана эки жүздөн ашуун мекендештерибиз катышып, майрамдык маанайда өттү.
Тектеш кабарлар
Бүгүн Энелер күнү
Түркияда май айынын экинчи жекшембиси ар дайым Энелер күнү катары белгиленип келет.