Дубайдагы ЭКСПОдо түрк бренди

Дубай Экспо Түркия бөлүмүндө Байрактар ​​AKINCI учкучсуз учуучу аппараты эң көп көңүлдөрдү бурууда.

1778593
Дубайдагы ЭКСПОдо түрк бренди
dubai expo Turkiye bolumu2.jpg
dubai expo Turkiye bolumu1.jpg
dubai expo Turkiye bolumu.jpg

Дубайдагы ЭКСПОдо түрк бренди таанытылууда...

Түркия өнөр жай, туристтик жана маданий өнүмдөрү менен Дубай Экспо-2020да орун алды.

Түркиянын акыркы мезгилде коргонуу өнөр жайында таштаган кадамдары да зыяратчылардын кызыгуусунан көрүнүп турат.

Дубай Экспонун Түркия бөлүмүндө Байрактар ​​AKINCI учкучсуз учуучу аппараты эң көп көңүлдөрдү бурууда.

Ата мекендик унаа TOGG да кызыгуу жаратты.

Анадолу кол өнөрчүлүк кездемелери жана атайын жасалган зер буюмдары да Дубай Эксподо көргөзмөгө коюлууда.

192 өлкө катышкан Эксподо Түркияга 1000ге жакын суроо-талап билдирилди.

Президент Режеп Таййип Эрдоган Бириккен Араб Эмираттарындагы (БАЭ) жолугушууларынын экинчи күнүндө да Экспого барат жана Түркиянын улуттук күнүн ачат.



Тектеш кабарлар