Гөбеклитепеге жылдын 10 айында 460 миң киши зыярат кылды
Гөбеклитепе жыл сайын миңдеген жергиликтүү жана чет элдик конокторду тосуп алууну улантууда.
Шанлыурфада 12 миң жылдык тарыхы менен «тарыхтын чок ортосу» деп сыпатталган Гөбеклитепени жылдын 10 айында болжол менен 460 миң киши зыярат кылды.
Бул сан буга чейинки эң жогорку көрсөткүч катары катталды.
Ачылган күндөн бери туристтердин көңүлүн бурган Гөбеклитепе, жыл сайын миңдеген жергиликтүү жана чет элдик конокторду тосуп алууну улантууда.
Облустук маданият жана туризм директору Айдын Аслан, быйылкы жылдын 10 айында Гөбеклитепеге зыярат кылгандардын санынын болжол менен 460 миң киши болгонун белгиледи.
Жылдын аягына эки ай калганда Гөбеклитепеге дагы эле чоң кызыгуу бар экенин айткан Аслан төмөнкү маалыматтарды бөлүштү:
«2021-жылдын 10 айындагы зыяратчылардын саны, «Гөбеклитепе жылы» деп жарыяланган 2019-жылдын 12 айындагы зыяратчылардын санынан көп. Бул сандар бизге чоң үмүт берди жана Гөбеклитепеге зыяратчылардын санынын алдыдагы жылдарда 1-1,5 миллионго оңой жетээрин көрсөтүүдө»,-деди.
Айдын Аслан шаарда туризмдин кыймылдуулугу 12 ай бою уланганына көңүл бурду.