Хүррем Султандын портрети Британияда 126 000 стерлингге сатылды
Британиянын борбор шаары Лондондо өткөрүлгөн «Ислам дүйнөсү жана Индия искусствосу» аттуу аукциондо 1000 жылдык тарыхый буюмдар, сүрөттөр жана кол жазмалар сатыкка коюлду.
Британиянын Sotheby's аукцион үйү өткөргөн аукциондо Хүррем Султандын (Осмон императору Кануни Султан Сулеймандын жубайы) портрети 126 000 стерлингге сатылды.
Британиянын борбор шаары Лондондо өткөрүлгөн «Ислам дүйнөсү жана Индия искусствосу» аттуу аукциондо 1000 жылдык тарыхый буюмдар, сүрөттөр жана кол жазмалар сатыкка коюлду.
Аукциондо 13 - кылымдан калган металл буюмдар, 2 жуп алмаз жана изумруд айнектер, алтын жалатылган Куран китеби, астрономиялык аспаптар, Иран миниатюралар жана Полонез килеми да орун алды.
Аукциондо 16-кылымдын аягы же 17-кылымдын башында венециялык сүрөтчү Тициандын шакирттери тарабынан жасалганы болжолдонгон Хүррем Султандын портрети да сатылды.
70 000 стерлинг менен сатыкка коюлган чыгарма 100 000 стерлингге сатылды. Сатып алуучу картина үчүн комиссиялык төлөмдү кошкондо 126 миң фунт стерлинг төлөйт.
Кануни Султан Сулеймандын кызы Михримах Султандын эки портретинин бири комиссия менен кошо 13 860 стерлингге, экинчиси 17 600 стерлингге сатылды. Сулеймандын сүрөтү болсо 11 340 стерлингге сатылды.