Discovery Channel Гөбеклитепеде даректүү тасма тартууда

ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесинде үчүнчү жылын артка калтырган Шанлыурфадагы Гөбеклитепе китеп, кино, даректүү тасма, сериал жана анимациялык фильмдердин темасы болууну улантууда.

1725243
Discovery Channel Гөбеклитепеде даректүү тасма тартууда
discovery channel gobeklitepe1.jpg
discovery channel gobeklitepe.jpg

Дүйнөнүн эң атактуу даректүү тасма каналдарынын бири Discovery Channel, өзгөчө «тарыхтын нөл чекити» деп сыпатталган Гөбеклитепе баш болгон Шанлыурфанын маанилүү жерлеринде тарыхка байланыштуу даректүү тасмаларды тартат.

Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият уюмунун (ЮНЕСКО) Дүйнөлүк мурастар тизмесинде үчүнчү жылын артка калтырган Шанлыурфадагы Гөбеклитепе китеп, кино, даректүү тасма, сериал жана анимациялык фильмдердин темасы болууну улантууда.

Түркиядан жана чет өлкөдөн миңдеген киши зыярат кылган Гөбеклитепеден тышкары жакында Маданият жана туризм министрлиги тарабынан сунушталган Карахантепе да көңүлдөрдү бура баштады.

Discovery Channel өзгөчө Гөбеклитепеден баштап неолит доорунун маанилүү отурукташкан жерлеринин бири болгон Карахантепе урандылары менен Шанлыурфа археология музейинде даректүү тасмаларды тарта баштады.

Түркия кино комиссиясынын төрагасы жана продюсер Саит Ярдымжы, чет элдик кино жана продюсерлик топтор менен кызматташып, Түркиянын таанытылышына жана туризмине салым кошууга аракет кылгандарын айтты.

Каналдын дүйнө жүзү боюнча абдан олуттуу аудиториясы жана жолдоочулары бар экенин эске салган Ярдымжы, учурда долбоордун алкагында тарыхый жайларга басым жасап жатышканын билдирди.

Гөбеклитепенин «тарыхтын башталгыч чекити» катары таанылышынын долбоор үчүн абдан маанилүү экенин баса белгилеген Ярдымчы, Карахантепеде даректүү тасма тарткан биринчи топ болгонун айтты.

Ярдымжы даректүү тасмалар туризмге жана таанытууга чоң салым кошконун түшүндүрдү.

Каналдын долбоор боюнча координатору Эндрю Жонс болсо: «Адамзат жана тарых башталган жерде даректүү тасма тартуу абдан кызыктуу. Мына ошондуктан биз бул жерге келдик. Жакшы иш жасайбыз деп ишенем»,-деди.



Тектеш кабарлар