Teknofest Take Off эл аралык стартап саммитинде сыйлыктар ээлерин тапты

Министр Варанк биринчилик жана экинчилик сыйлыктарын ээлерине тапшырды.

1709737
Teknofest Take Off эл аралык стартап саммитинде сыйлыктар ээлерин тапты

TEKNOFEST авиация, космос жана технология фестивалынын алкагында уюштурулган Эл аралык ишкердик саммитинин сыйлык тапшыруу аземи Стамбулдагы «Ататүрк» аэропортунун эл аралык терминалында өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанктын катышуусунда өттү.

Министр Варанк биринчилик жана экинчилик сыйлыктарын ээлерине тапшырды. Биринчи сыйлыкты 20 миң долларга чехиялык «Колобра», 10 миң долларлык экинчи сыйлыкты пакистандык «Classnotes» утуп алды.

Googleдун Түркия өлкөсүнүн менеджери Мехмет Кетелоглу Түркиядан катышкан «Servissoft» демилгесине 5 миң долларлык үчүнчү сыйлыкты тапшырды.

Министр Варанк сыйлык ээлерин саммитте куттуктады. Андан кийин саммиттин кызыкдар тараптары, калыстар тобунун мүчөлөрү жана сыйлык ээлери менен эстеликке сүрөткө түшүштү.

TEKNOFESTтин алкагында быйыл үчүнчү жолу уюштурулган Take Off эл аралык ишкердик саммити фестивалдын аймагындагы экосистеманын устаттары жана мекемелери менен жергиликтүү жана чет өлкөлүк стартаптарды чогултту.

Түркиядан жана дүйнөдөн келечекке багыт берген технология лидерлери, өз тармагында адис болгон насаатчылар, көп улуттуу компаниялар жана ишкердик экосистеманын бардык кызыкдар жактары TEKNOFESTте Саммитке чогулушту.

Чет өлкөдөн жана өлкө ичинен кайрылуулар ишке ашкан демилге саммитинде билим берүү технологиялары, ден-соолук технологиялары, оюндар, маалыматтар, автоматташкан технологиялар, жасалма интеллект, блокчейн, финансылык технологиялар жана мобилдүүлүк сыяктуу 9 түрдүү категориядагы демилгелер калыстар тобу тарабынан бааланды жана жеңүүчүлөр аныкталды.



Тектеш кабарлар