Троя музейи Европа музей академиясынын сыйлыгын алды

Чанаккаледеги Троя музейи Европанын жылдын музейи жана Европа Музей Академиясынын атайын сыйлыгын алган биринчи түрк музейи болду.

1708227
Троя музейи Европа музей академиясынын сыйлыгын алды

Чанаккаледеги Троя музейи Европанын жылдын музейи жана Европа Музей Академиясынын атайын сыйлыгын алган биринчи түрк музейи болду. 

Маданият жана туризм министрлигинен берилген маалыматта музейдин дүйнөнүн эң негизги заманбап археологиялык музейлеринен болгондугун белгиледи. 

Музейдин 2020 -  жылы Европа жылдын музейи атайын сыйлыгын алгандыгы эске салынган маалыматта Европанын башка бир негизги музей сыйлыгы болгон 2020/2021 "Европа Музей Академиясынын атайын сыйлыгынын" да Троя музейине берилгендиги маалымдалды. 

Маалыматта Троя музейинин Европа Жылдын Музейи жана Европа Музей Академиясынын аатйын сыйлыктарынын экөөсүн тең алган алгачкы түрк музейи болгондугу баса белгиленди. 

 



Тектеш кабарлар