Сириянын Тынчтык булагы операциясы аймагында 48 миңдей окуучу окуй баштады

Тел Абяддын улуттук билим берүү директору Мукри Хаж Имам, 2021-2022 жаңы окуу жылы коопсуз чөйрөдө башталганын айтты.

1707611
Сириянын Тынчтык булагы операциясы аймагында 48 миңдей окуучу окуй баштады

Бүгүн Сириянын түндүгүндөгү Тел Абяд жана Расулайн райондорунда 47 300 окуучу үчүн класстык коңгуроо кагылды. Мектепке келген окуучуларга окуу китептери таратылды.

Тел Абяддын улуттук билим берүү директору Мукри Хаж Имам, 2021-2022 жаңы окуу жылы коопсуз чөйрөдө башталганын айтты.

Аймактагы тынчтыктын билим берүү жашоосуна оң таасирин тийгизгенин айткан Хаж Имам, 32 миңи Тел Абядда жана 15 миң 300ү Расулайнда болгон 47,300 окуучунун мектепке баштаганын белгиледи.

Мугалимдер жай мезгилинде окуу планына ылайык окутуу жана калыбына келтирүү процессинен өткөрүлгөнүн белгилеген Хаж Имам:"Аймактагы 443 мектепте Тел Абядда 283 жана Расулайнда 160 мугалим болуп бардыгы 2 миң 313 мугалим иштейт",- деди.

2019 -жылдын октябрь айында Түркиянын Тынчтык булагы операциясы менен Тел Абяд жана Расулайн райондору жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККдан тазаланган.



Тектеш кабарлар