Байыркы Эфес шаарына келген туристтердин саны

Эфес шаарына келгендердин саны өстү.

1697758
Байыркы Эфес шаарына келген туристтердин саны

1-январдан 31-июлга чейин Измирдеги байыркы Эфес шаарына келгендердин саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 91 пайызга көбөйдү.

Дүйнөнүн алдыңкы байыркы конуштарынын бири болгон жана ЮНЕСКОнун (Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, Илим жана Маданият Уюму) Дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине кирген байыркы Эфес шаарынын коронавирус (Ковид-19) эпидемиясынан улам 2020-жылдын 7 айында 178 миңге кыскарган турист саны быйыл 340 миңден ашты.

Маданият жана туризм министрлигинин маалыматы боюнча, Цельс китепканасы, Тоо этегиндеги үйлөр, байыркы театр жана кереметтүү храмдар менен дүйнөнүн булуң-бурчунан конокторду кабыл алган Эфес урандыларына келгендердин саны 1-январдан 31-июлга чейин өткөн жылга салыштырмалуу 91 пайызга өстү.

Көбүнчө Америка Кошмо Штаттары жана Европа өлкөлөрүнөн келген коноктордун 8702си январда, 11 миң 748и февралда, 21 миң 183и мартта, 21 миң 645и апрелде, 24 миң 738и май айында, 79 миң 295и июнда, 173 миң 305и июлда Эфеске келишкен.

Эпидемиялык чаралардан улам бир учурда 2 миң 400 кишиге барууга уруксат берилген байыркы шаар, 2020-жылдын июль айынын аягына чейин 178 миң 120 болгон зыяратчы санын быйылкы жылдын 7 айында 340 миң 616га жеткирди.



Тектеш кабарлар