TOBB университети Өзбекстанда

Ташкенттеги университетке кирүүчүлөр үчүн сынактар аяктады.

1695932
TOBB университети Өзбекстанда

Өзбекстандын борбору Ташкентте билим бере баштаган TOBB экономика жана технология университети жаңы окуу жылына даярдыгын аяктады.

Университетке быйыл 600гө жакын кайрылуу түшкөн.

Өткөн жылы биринчи студенттерин кабыл алып, университет быйыл абитуриенттер үчүн кирүү сынагын өткөрдү.

Өткөн жылы университет «Электрондук соода жана технологияларды башкаруу» жана «Эл аралык бизнес жана ишкердик» бакалавриат программалары боюнча окуткан.

Быйыл Ички дизайн жана Архитектура жана дизайн факультеттери да ачылды.

Университеттин окутуу тили англис тилинде.


Этикеткалар: #Өзбекстандын

Тектеш кабарлар