Түркиянын Тышкы иштер министрилигинде Кыргызстандын 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды

Кыран жана Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин катышуусунда, Тышкы иштер министрлигинин «Суна Гөкгүр Ылыжак» сүрөт галереясында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы болуп өттү.

1671079
Түркиянын Тышкы иштер министрилигинде Кыргызстандын 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды
Dışişleri Bakanlığı'nda Kırgızistan Sergisi 3.jpg
Dışişleri Bakanlığı'nda Kırgızistan Sergisi 9.jpg
Dışişleri Bakanlığı'nda Kırgızistan Sergisi 8.jpg
Dışişleri Bakanlığı'nda Kırgızistan Sergisi 2.jpg

Тышкы иштер министринин орун басары Явуз Селим Кыран Кыргызстан менен болгон соода жүгүртүүнүн көлөмү 1 миллиард долларга жетип, андан ашат деп үмүттөнөрүн билдирди.

Кыран жана Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин катышуусунда, Тышкы иштер министрлигинин «Суна Гөкгүр Ылыжак» сүрөт галереясында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы болуп өттү.

Бул жерде сөз сүйлөгөн Кыран Түркия менен Кыргызстан дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгын белгилешкендигин айтты.

Явуз Селим Кыран Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы келишимдерди ишке ашырууга чечкиндүү экендиктерин билдирип, «Биргелешкен кадамдар менен биз Кыргызстан менен бир миллиард долларлык соода көлөмүнө тез арада жетебиз деп ишенебиз жана андан ашабыз деп үмүттөнүп жатабыз»,-деди.

Көргөзмөгө дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрү жана көптөгөн коноктор келишти.



Тектеш кабарлар