TRT World тарабынан даярдалган "Кодокуши" эл аралык премьерасын Кытайда өткөрөт

"Кодокуши" Кытайда 11-19-июнь күндөрү өтө турган "24-эл аралык Шанхай кино фестивалынын" негизги сынак бөлүгүндө көрсөтүлөт.

1645310
TRT World  тарабынан даярдалган  "Кодокуши"  эл аралык премьерасын Кытайда өткөрөт

TRT World тарабынан даярдалган, сценарийинин автору жана режиссёру Энсар Алтай болгон "Кодокуши" даректүү тасмасы эл аралык премьерасын Кытайда өткөрөт.

"Кодокуши" Кытайда 11-19-июнь күндөрү өтө турган "24-эл аралык Шанхай кино фестивалынын" негизги сынак бөлүгүндө көрсөтүлөт.

ТРТнын билдирүүсүнө ылайык, "Заманбап жашоо образы адамдарды жалгыз калтырат" деген ойдон шык алган документалдуу фильмде, каза болгондон бир нече жума өткөндөн кийин байкалган адамдардын жалгыз өлүмү жөнүндө сөз болот.

Драмалык-документалдуу жанрдагы «Кодокуши» 8-Босфор кино фестивалында улуттук премьерасын өткөрдү. Фестивалдын Эл аралык көркөм фильмдер сынагына катышып "Калыстар тобунун атайын сыйлыгына" татыктуу болгон тасма, фантастикалык тасмалар сынагы менен да даректүү тасманын жаңы ачылышын ишке ашырды.

 



Тектеш кабарлар