Улупамир шейиттери жана газилери унутулбайт

Вандын Эржиш районунун Улупамир айылында жашаган ардагерлерге Кыргыз түрктөрү маданият жана тилектештик коомдук бирикмеси тарабынан сыйлык тапшырылды.

1639969
Улупамир шейиттери жана газилери унутулбайт
Ulupamir Şehitleri ve Gazileri 2.jpg
Ulupamir Şehitleri ve Gazileri 4.jpg
Ulupamir Şehitleri ve Gazileri 5.jpg
Ulupamir Şehitleri ve Gazileri 3.jpg
Ulupamir Şehitleri ve Gazileri 6.jpg

Улупамир газилери унутулган жок

Вандын Эржиш районунун Улупамир айылында жашаган ардагерлерге Кыргыз түрктөрү маданият жана тилектештик коомдук бирикмеси тарабынан сыйлык тапшырылды.

Аймакта коопсуздук кызматкери болуп иштеп турганда  2017-жылы террористтер менен кагылышууда жаракат алган ардагерлер; Түнай Эргин, Тохтахожа Арысой жана Шермехмет Эржан узак дарылануу процессинен кийин ден-соолуктары калыбына келди. Кыргыз түрктөрүнүн Маданият жана тилектештик коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган сыйлык тапшыруу аземине Улупамир айылынын башчысы Эйүпхан Ватансевер, Коопсуздук күзөтчүлөрүнүн башчысы Эсадулла Алп, Улупамир коомунун өкүл башчысы  Бурханеттин Йылдырым, башкаруу кеңешинен Абдулвахап Яман жана Шенол Фырат, Жаш Кеңеш платформасынын аткаруу кеңешинин башчылары Ферхат Гүчлү жана Хакан Ватан катышты.

Биздин ардагерлерибиз сыймык булагы

Кыргыз Түрктөрү коомунун өкүл башчысы Бурханеттин Йылдырым өз сөзүндө: «Бул күнү, биринчи кезекте, биз бүткүл Ислам дүйнөсүнүн майрамы менен куттуктайбыз. Ушундай куттуу күнү ардагерлерибиз менен болгонубузга сыймыктанабыз. Ардагерлерибизге канча сыйлык берсек дагы, ал жетишсиз. Алардын күзөтчү катары кызматтары ийгиликтүү болгон»,-деп айтып сезимдерин билдирди.

Биз шейиттерибизди дагы бир жолу таазим кылуу менен эскеребиз

Улупамир айылынын башчысы Эйүпхан Ватансевер: «Биринчиден, ушул майрамда ардагерлерибизди эскергендиги үчүн, Кыргыз Түрктөрүнүн маданият жана тилектештик коомдук бирикмесине жана Жаш Кеңеш платформасына Улупамир шаарынын тургундарынын атынан ыраазычылык билдиребиз. Биздин ардагерлердин кызматы эч качан унутулбайт. Биз Түркияда 40 жылга жакын жашадык. Бул жерде биздин шейиттерибиз көп, дагы бир жолу таазим кылуу менен эскеребиз. Раббим ар дайым биздин биримдигибизди сактасын»,- деди.

 Кызматтарынан улам ырахмат айтабыз

Кыргыз түрктөрү маданият жана тилектештик коомдук бирикмесинин Анкара өкүлчүлүгүнүн башчысы Бүнямин Токер, урматтуу аксакалыбыз, ардагерибиз, Шермехмет Эржан мырзага өзгөчө кызматы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал:«Бүгүн биз аксакалдарыбыз менен чогуу келип, коомдук бирикмебиз тарабынан даярдалган белектерди тапшырып, сыймыктанып жатабыз. Шейиттерибизге жана ардагерлерибизге ыраазычылыгыбызды билдиребиз»,- деп айтып сыймыктануусун билдирди.

Программа кыргыздын улуттук кийими чепкен жана калпак кийгизилип, ыраазычылык тактасы берилгенден кийин фотосүрөткө түшүү менен аяктады.



Тектеш кабарлар