TRT World forum Түркияда жашаган сириялыктар тууралуу отурум өткөрөт

Бул тууралуу ТРТ билдирүү жарыялады.

1630765
TRT World forum Түркияда жашаган сириялыктар тууралуу отурум өткөрөт

Сириядагы жарандык согуштун 10 жылдыгына байланыштуу TRT World Forum бүгүн жана эртең Түркияда жашаган сириялыктар боюнча эки отурум өткөрөт.

Түркия радио жана телекөрсөтүү корпорациясы (ТРТ) тарабынан жасалган билдирүүгө ылайык, Түркия 2011-жылы башталган жарандык согуштан кийин мекенинен кетүүгө аргасыз болгон сириялыктарды 10 жылдан бери кучак жайып тосуп алды.

Ушул алкакта бүгүн ТРТ Дүйнөлүк Форуму тарабынан уюштурула турган «10 жылдан кийин: Түркиядагы сириялык качкындар» деген аталыштагы «Чагылышуу» маегине согуштан качып Түркияга келип отурукташкан, согуштун себебинен атомдук физика билимин таштап Түркияда жаңы жашоону баштаган, ишкер Хасиба Аммар конок болот.

Сүйлөшүү бүгүн Түркия убактысы боюнча саат 15: 00дө  түз эфирде көрсөтүлөт жана TRT World Forumдун Инстаграмдагы аккаунтунда улантылышы мүмкүн.

Эртең саат 17: 00дө өтө турган «Түркиядагы сириялык качкындардын 10 жылы» аттуу отурумунун коногу Бахчешехир университетинин Миграция жана шаар таануу борборунун негиздөөчү директору Улаш Суната болот.

Отурумдун модераторлугун Мармара университетинин социология бөлүмүнүн академиги жана TRT World Изилдөө борборунун улук мүчөсү Талип Күчүкжан аткарат.

ТРТ Дүйнөлүк Форумунун Youtube (@trtwordlforum), Facebook (@trtwordlforum) жана Twitter (@trtwordlforum) аккаунттарынан түз эфирде көрө алган отурумдун суроо-жооп бөлүмүндө көрүүчүлөр суроолорун конокторго жеткире алышат.



Тектеш кабарлар