Галата мунарасы мамлекеттик гимндин 100 - жылдыгы үчүн кооздолду

Маанилүү ысымдар “Mapping Show” ыкмасы менен Стамбулдагы Галата мунарасына чагылдырылды.

1600069
Галата мунарасы мамлекеттик гимндин 100 - жылдыгы үчүн кооздолду
galata kulesi.jpg
galata kulesi.jpg
galata kulesi.jpg
galata kulesi.jpg

Мамлекеттик гимндин 100 -  жылына карата Галата мунарасындагы жарыктандыруу бүгүн кечинде да болот.

Түрктөрдүн Орто Азиядан чыгып ушул күнгө чейинки өткөн мезгилде тарыхка атын жаздырган маанилүү ысымдарга орун берилген жарыктандыруу mapping show ыкмасы менен Галата мунарасына чагылдырылат.

Лазердик көрсөтүүнүн коштоосундагы шоуда мамлекеттик опера ана балетинин башкы директору жана көркөм жетекчиси Мурат Карахан мамлекеттик гимндин биринчи эки куплетин аткарат.

«Сыймыктан» деген сөздөр менен баштала турган визуалдык шоуда түрктөрдүн Орто Азиядан Анадолуга келиши, Малазгирт согушу, Стамбулдун багынтылышы, Чанаккале  согушу жана 15 -  июль көрүнүштөрүнө да орун берилет.

Шоуда Мустафа Кемал Ататүрк, Фатих Султан Мехмет, Экинчи Абдулхамит, ефрейтор  Незахат жана Өмер Халисдемирдин фотографиялары менен гимнди жазган Мехмет Акиф Эрсойдун фотографиясы колдонулат.

Кечээ да болгон шоу бүгүн  Түркия убактысы боюнча саат 19:00дө башталат жана саат 21:00гө чейин улантылат.



Тектеш кабарлар