Түрк киносу Берлин кино фестивалында

Европанын алдыңкы кино фестивалдарынын бири болгон 71 -  Берлин эл аралык кино фестивалына түрк киносу катышат.

1593497
Түрк киносу Берлин кино фестивалында

Европанын алдыңкы кино фестивалдарынын бири болгон 71 -  Берлин эл аралык кино фестивалына түрк киносу катышат.  

Маданият жана туризм министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта 71 -  Берлин кино фесивалы Ковид  - 19  эпидемиясынан улам 1 – 5 -  мартта онлайн режиминде тармактын өкүлдөрүнө, 9 – 20  - июнда да көрүүчүлөргө карата эки бөлүк түрүндө өткөрүлөт.

Фестивалдын «Европа кино базары Түркия» бөлүгүндө 2020 -  жылы тартылган жана бул жылы тартылышы улантылып жаткан узун метраждуу кинолор көрсөтүлөт.

Маданият жана туризм министрлиги менен Богазичи маданият – өнөр фондунун кызматташуусу менен уюштурулган «Европа кино базарынын» Түркия бөлүгүндө «Чет элдик кино өндүрүшүн колдоо» да эл аралык кино профессионалдары менен тааныштырылат.  

Бул жылы 15 кино чоң сыйлык үчүн жарыша турган негизги жарыштын жюри мүчөлөрүнүн арасында мурунку жылдарда «Алтын аюу» сыйлыгына жетишкен режиссерлор Мохаммад Расулоф, Навад Лапид, Надав Лапид, Адина Пинтилие, Илдико Эниеди, Джанфранко Роси жана Жасмила Збанич бар.

Продюссери Канат Дограмажы, режиссеру Ферит Карахандын экинчи узун метраждуу киносу «Мектеп чач жасалгалоосу» 71 -  Берлин кино фестивалынын «Панорама» бөлүмүндө орун алат.



Тектеш кабарлар