Түркиядагы лыжа борборлорунун арасынан эң калың кар Карталкаяда катталды

Анталиядагы Бейдаглары жайгашкан Саклыкент лыжа борборуна баргандар иш-чаралар менен көңүлдүү убакыт өткөрүштү.

1589083
Түркиядагы лыжа борборлорунун арасынан эң калың кар Карталкаяда катталды

Түркиядагы лыжа базаларында жүргүзүлгөн өлчөөлөргө караганда,  эң калын кар Карталкаяда 190 сантиметр деп катталды.

Метеорология башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, кардын калыңдыгы Карталкаяда 190, Хаккарида 136, Паландөкенде 122, Йеди Куюларда 110, Эржиесде 95, Улудагда 90, Сарыкамышта 80, Немрут тоосунда 79, Давразда 72, Картепеде 71, Чамбашында 70, Мурат тоосунда 68, Оважыкта 65, Хасеректе 60, Илгазда 58, Йылдыздагыда 56, Конаклыда 45, Эрганда 40, Ладикте 36, Йылдызтепеде 35, Жалгызчамда 27, Хазарбабада 25, Денизлиде 23, Копто 22, Мерсиванда 21, Зиганада 17, Элмадагда 14 жана Келтепеде 10 сантиметр менен өлчөндү.

Бир тараптан Анталиядагы Бейдаглары жайгашкан Саклыкент лыжа борборуна баргандар иш-чаралар менен көңүлдүү убакыт өткөрүштү.

Лыжа сүйүүчүлөрү Саклыкентте 5 чакырым аралыкта лыжа тебүү жана сноуборд тебүү ырахатына бөлөнүштү, ал жерде башталгыч, ортоңку жана кесипкөй адистер үчүн 4 тилке бар.



Тектеш кабарлар