Анкаранын Кечиөрен муниципалитетине Манастын айкели тургузулат

Анкаранын эң ири району Кечиөрен муниципалитетинин маңдайындагы майданда Айкөл Манас атабыздын айкелин тургузууну Элчилик аталган райондун жетекчилиги менен макулдашкан.

1586449
Анкаранын Кечиөрен муниципалитетине Манастын айкели тургузулат

 

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги акыркы бир жарым жылдыны ичинде жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү менен бирге Кыргызстанды таанытуу жаатында бир катар иштерди ишке ашырып жатат. Алардын ичинде, залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов, Курманжан Датка энебиз жана башка атактуу инсандарыбызды эскерүү иш чаралары өткөрүлүп, 2019-жылы декабрь айында Анкара шаарында Чыңгыз Айтматовдун эстелиги тургузулду.

Анкаранын эң ири району Кечиөрен муниципалитетинин маңдайындагы майданда Айкөл Манас атабыздын айкелин тургузууну Элчилик аталган райондун жетекчилиги менен макулдашкан. Кечиөрен муниципалитети айкел тургузула турган жерди даярдап, айкелдин постаментин жасоо милдетин алган. Ал эми Айкелдин өзү Бишкекте кыргыз тараптан жасалат. 

Азыркы мезгилде Кыргызстанда жана Түркияда жашаган кыргыз ишкер жарандарыбыз эстелик орнотуу демилгесин колдоп жатканын, ошондой эле түрк досторубуздун арасынан да демөөрчүлөр менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, айкелди жасоо иши башталганын билдирет.

Булак; КРнын Түркиядагы Элчилиги



Тектеш кабарлар