АКШнын Кургактык күчтөрүнүн журналында Ататүрккө орун берилди

Журналдын акыркы санында майор Эрик Вендитти жарыялаган макалада Ататүрктүн (1915) Чанаккале согушундагы лидерлигине көңүл бурулган.

1574493
АКШнын Кургактык күчтөрүнүн журналында Ататүрккө орун берилди

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) «Army of Review» журналында (Түркия Республикасынын негиздөөчүсү) Мустафа Кемал Ататүрктүн аскердик жетектөөсү боюнча жогору баа берилди.

Журналдын акыркы санында майор Эрик Вендитти жарыялаган макалада Ататүрктүн (1915) Чанаккале согушундагы лидерлигине көңүл бурулган.

Ал согуштун орчундуу учурларында туура чечимдерди кабыл алгандыгы белгиленген.

Макалада Мустафа Кемалдын «Мен сизге чабуул коюуга эмес, өлүүгө буйрук берем» деген сөздөрү келтирилип, аскерлерине иш-аракет кылууга ачык-айкын багыт жана мотивация бергенине орун берилген.

Макалада Чанаккале согушундагы аскердик тактика кеңири баяндалып; Мустафа Кемалдын аскердик жетекчилиги бир кылымдан ашуун убакыттан кийин дагы жол көрсөткүч экендиги баса белгиленди.



Тектеш кабарлар