Токиодо «Түрк мышыгы» фотосүрөт көргөзмөсү

Япон саякатчысы Маю Кога, Стамбулга сапарында тарткан мышыктардын фотосүрөттөрүн япон элинин назарына тартуулады.

1525791
Токиодо «Түрк мышыгы» фотосүрөт көргөзмөсү

Японияда Юнус Эмре институтунун колдоосу менен «Түрк мышыгы» фотосүрөт көргөзмөсү ачылды.

Япон саякатчысы Маю Кога, 2 жумага созулган Стамбулга сапарында тарткан мышыктардын фотосүрөттөрүн япон элинин назарына тартуулады.

Токионун Бункё районунун маданий борборунда ачылган көргөзмөдөгү фотосүрөттөрдө Аясофия мечити, Галата мунарасы, Султанахмет мечити, Таксим аянты жана Эминөнү сыяктуу жерлер да бар.

Бейоглунун Жихангир районун кыдырган Маюнун тарткан фотосүрөттөрүндө мышыктар менен түрк адамынын байланышы баса белгиленген.

2015-жылдын октябрь айында Бейоглу менен Бункё райондору "бир тууган" деп жарыялаган достук келишиминин фотосүрөтүн да камтыган көргөзмөгө 16-ноябрга чейин барууга болот.



Тектеш кабарлар