Коркут Ата түрк дүйнөсү кино фестивалы

Эл аралык кино ассоциациясы тарабынан биринчи жолу  Коркут Ата түрк дүйнөсү кино фестивалы 8 – 12 -  декабрда өткөрүлөт.

1525428
Коркут Ата түрк дүйнөсү кино фестивалы

Эл аралык кино ассоциациясы тарабынан биринчи жолу  Коркут Ата түрк дүйнөсү кино фестивалы 8 – 12 -  декабрда өткөрүлөт.

Түрк дүйнө киносунун көрүнүктүү чыгармалары фестивалдын көркөм жана даректүү тасмалар конкурстарында күч сынашат.

Ихсан Кабилдин жетекчилиги астында өткөрүлүп жаткан фестивалда кеңири географияга жайылган жалпы түрк маданияты жөнүндө фильмдер көрсөтүлөт.

Түрк коомдорунун биримдигин жана тилектештигин эпикалык жол менен түшүндүргөн Коркут Атанын (Деде Коркут) элесине арналып уюштурулган фестивалдын программасына түркчө жана түрк диалектилеринде сүйлөгөн, көз карандысыз, автономиялуу же башка түрк аймактарынан тандалган 43 фильм, панно жана көргөзмөлөр киргизилет.

Фестиваль аяктагандан кийин жыл сайын түрк дүйнөсүнүн маданий борбор шаары болуп тандалган шаарда кайталана турган программа бул жылы маданий борбор шаар болуп тандалган Хивада (Өзбекстан) кино сүйүүчүлөргө көрсөтүлөт.

Фестивалдын программасы тууралуу кенен маалыматты www.turkdunyasifilmfestivali.org адресинен алууга болот.

Фестивалдын гала программасы 12 -  декабрда өткөрүлөт.



Тектеш кабарлар