Бул жылы Шеб - и Арус аземдери 4 күнгө созулат
13 - кылымда жашаган суфист Мевлана Челаледдин-и Руминин 747 - Вуслат жылынын Эл аралык эскерүү аземдери (Себ-и Арус) Ковид-19 эпидемиясынан улам 4 күн менен чектелди.
13 - кылымда жашаган суфи Мевлана Челаледдин-и Руминин 747 - Вуслат жылынын Эл аралык эскерүү аземдери (Себ-и Арус) Ковид-19 эпидемиясынан улам 4 күн менен чектелди.
Кония маданият жана туризм директору Абдүссеттар Ярар берген жазуу түрүндөгү маалыматында жалпы дүйнөнү таасири астына алган Ковид - 19дан улам саякаттардын кыскартылгандыгын, жабык жерлерде өткөрүлгөн жыйын жана аземдердин аз санда катышуучу менен өткөрүлөрүн эске салып : «Ушул себептен Шеб-и Арус Мевлана Маданий Борборунда 7 – 12 – 15 – 17 - декабрда боло турган сема программалары менен өткөрүлөт.
Азем программалары залды талапка ылайык тазалоо үчүн 4 күнгө түшүрүлүп, эрежеге ылайык аралыкта отуу тартибине карата жайгаштыруу пландалды.
Азырети Мевланын Вуслат жылынын эл аралык эскерүү аземдерине катышууну каалаган киши жана агенттиктер үчүн www.sebiarus.gov.tr web сайтыбыздан 6 - ноябрга чейин алдыңкы талаптарды чогулта баштадык»,- деди.
Өткөн жылы 7-17 - декабрда өткөн 746 - Вуслат жылынын Эл аралык эскерүү аземдерин 39 750 киши көргөн.