ТРТнын колдоосу менен тартылган кинотасмалар эл аралык фестивалдарда ат салышууда

«Кован» (Бал челек) фильми Челси кинофестивалынан 6 сыйлык менен кайтты.

1512699
ТРТнын колдоосу менен тартылган кинотасмалар эл аралык фестивалдарда ат салышууда

Эл аралык фестивалдардан маанилүү сыйлыктарды алган Түркия радио-телеберүү мекемесинин (ТРТ) колдоосу менен тартылган кинотасмалардын ийгиликтери уланууда.

ТРТ менен биргелешип тартылган «Кован» (Бал челек) фильми Челси кинофестивалынан чоң сыйлыктардын бардыгын кошкондо 6 сыйлык менен кайтты. Ал эми «Флэш» (Топтогуч) аттуу кино 42- Cinemed Montpellier кинофестивалында, «Түш көрдүм» болсо 44-Сан-Паоло кинофестивалында ат салышат.

Америка Кошмо Штаттарындагы (АКШ) Челси кинофестивалынын ачылыш фильми болгон "Кован", фестивалдан негизги сыйлыктардын бардыгын кошкондо жалпы 6 сыйлык менен кайтты.

Эйлем Кафтан режиссерлук кылган, 8-Челси кинофестивалынын "Эң мыкты тасма сыйлыгы" болгон Гран-при сыйлыгы менен бирге "Мыкты режиссер", "Мыкты сценарий", "Мыкты көрүнүш", "Мыкты башкы актриса", " Мыкты жардамчы актер" сыйлыктарын да жеңип алды.

Сценарийдин автору жана режиссёр Дервиш Заимдин ТРТ менен биргелешип тарткан "Флэш" фильми Францияда өтө турган 42-Синемед Монпелье кинофестивалында ат салышат.

Режиссер Мурат Черинин ТРТнын колдоосу менен тартылган "Түш көрдүм" аттуу фильми болсо Бразилияда быйыл өтө турган 44-Сан-Паоло кинофестивалына катышат.



Тектеш кабарлар