Эрдоган Иззетбеговичти эскерди
Президент Режеп Таййип Эрдоган,Твиттерден «Aliyaİzzetbegoviç» этикеткасы менен билдирүүсүн бөлүштү.
1512100
Президент Режеп Таййип Эрдоган, көз жумганынын 17 жылдыгында Босния-Герцеговинанын мурунку президенти Алия Изетбеговичти эскерди.
Президент Эрдоган, Твиттерден «Aliyaİzzetbegoviç» этикеткасы менен бөлүшкөн билдирүүсүндө «Ырайым, урматтоо, кусалык менен ...» деген сөздөрдү колдонгон.
Эрдоган бөлүшүүсүнө Изетбеговичтин сүрөтүн коюп, "Жашоо - бул ишенген жана жакшы иштерди жасаган адамдардан (пайдалуу, жакшы иш жана жүрүм-турум) сырткары эч ким жеңе албаган оюн болуп эсептелет»,деп жарыялаган.
Сербдер жана хорваттар Босния-Герцеговинаны бөлүшүү максаты менен 1990-жылдарда баштаган геноцид учурунда өз өлкөсүнүн көзкарандысыздыгын сактап калууга жетишкен Изетбегович, 2003-жылы 19-октябрда дүйнөдөн кайткан.