Жемал Кашыкчы тууралуу тасма Швейцарияда көрсөтүлдү

Тыгыз коопсуздук чаралары көрүлгөн гала кечесинде жергиликтүү жана эл аралык медиа мекемелеринин чоң кызыгуу көрсөтүүсү көңүлдөрдү бурду.

1502063
Жемал Кашыкчы  тууралуу тасма Швейцарияда көрсөтүлдү

 Оскар сыйлыгынын ээси режиссер  Брайан Фогелдин саудиялык журналист Жемал Кашыкчы кылмышын баяндаган «Диссидент»  аттуу даректүү тасмасы Швейцариядагы 16 -  Цюрих кинофестивалында көрсөтүлдү.

Фильмдин галасына Фогель менен бирге БУУнун Сотсуз жана Ыксыз Өкүмдөр боюнча Атайын Баяндамачысы Агнес Калламард жана Кашыкчынын колуктусу Хатиже Женгиз да катышты.

Тыгыз коопсуздук чаралары көрүлгөн гала кечесинде жергиликтүү жана эл аралык медиа мекемелеринин чоң кызыгуу көрсөтүүсү көңүлдөрдү бурду.

Даректүү  тасманын билеттери күн мурунтадан сатылып бүттү.

"Диссидент" январь айында "Sundance" кинофестивалында биринчи жолу көрсөтүлүп, сынчылардын мактоосуна татыды.



Тектеш кабарлар