Түркиялык студенттин кыска метраждуу даректүү тасмасы Канн кинофестивалында көрсөтүлөт

Он-лайн режиминде өтө турган кыска метраждуу тасмалардын фестивалы 13-сентябрда башталат.

1489324
Түркиялык студенттин кыска метраждуу даректүү тасмасы Канн кинофестивалында көрсөтүлөт

АКШнын Нью-Йорк шаарында жашаган түркиялык студент Нехир Онайдын кыска метраждуу даректүү тасмасы Канн кинофестивалында көрсөтүлөт.

Нью-Йоркто даректүү тасма боюнча магистрдик билим алган Нехир Онай өзү жараткан жана режиссёрлук кылган, Канн кинофестивалында көрсөтүлө турган кыска метраждуу даректүү тасмасы жөнүндө маалымат берди.

Кесиптик балет мекемеси жана ал жердеги хореографияны чагылдырган "Sur Les Pointes" аттуу долбоорунун Каннда мыкты кыска метраждуу даректүү тасма номинациясына талапкер болгонун белгилеген Онай, буга чейин Нью-Йоркто өткөн кинофестивалда экинчи мыкты даректүү тасма сыйлыгын жеңип алганын айтты.

Онай бул долбоорду өзү жаратып, өзү режиссер жана продюсер болгонун билдирди.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу быйыл он-лайн режиминде өтө турган кыска метраждуу тасмалардын фестивалынын 13-сентябрда башталарын жана 21-сентябрда аяктай тургандыгын белгилеген Онай, он-лайн режиминде көрсөтүлө турган тасмаларга билет сатып алган көрүүчүлөр фильмдерге добуш берүү укугуна ээ болорун белгиледи.



Тектеш кабарлар