Гөбеклитепенин сырын чечүү аракеттери

Шанлыурфанын Кызылкоюн Некрополис аймагында казуу иштери башталды.

1485316
Гөбеклитепенин сырын чечүү аракеттери

Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият уюмунун (ЮНЕСКО) Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Гөбеклитепедеги ачылыштарга окшош табылгалар аныкталган 2 миң жылдык аска мүрзөлөрү жайгашкан аймакта "Амазонка ханышаларынын аңчылык жана согуш көрүнүштөрүн" чагылдырган мозаика табылды.

Тарыхый Балыклыгөл шаарчасынын жанындагы аймакта башталган казууларда Гөбеклитепенин сырын чечүүгө багытталган жаңы экспонаттарды табууга болот деп божомолдонууда.

Шанлыурфанын мэри Зейнел Абидин Беязгүл, казуу иштери башталган аймактын жанында Байыркы Грек жана Рим маданиятынын калдыктары бар экендигин айтты.

Беязгүл, Кызылкоюн Некрополисинин айланасында жүргүзүлгөн казуулардын Гөбеклитепедеги табышмактын чечилишине салым кошо тургандыгына ишенгендерин белгилеп: «Шанлыурфа жаңы ачылыштарга даярданып жатат, адамзат жаңы сюрприздерди күтүшү керек»,- деп баа берди.



Тектеш кабарлар