ТРТнын пандемия убагындагы берүүлөрү эл аралык панелде түшүндүрүлдү

ТРТнын башкаруу кеңешинин төрагасы жана башкы директору, ошондой эле ABU президенти Ибрахим Эрен, ТРТнын эпидемия мезгилиндеги иши жөнүндө баяндап берди.

1479062
ТРТнын пандемия убагындагы берүүлөрү эл аралык панелде түшүндүрүлдү

Азия-Тынч Океан Теле-радиоберүү Биримдиги (ABU) тарабынан уюштурулган «Коронавирус процессинде жана андан кийин коомду тейлөө» панелинде Түркия радио-телеберүү мекемесинин (ТРТ) коронавирустун жаңы түрүнүн (Ковид-19) пандемия мезгилинде берүүлөрү талкууланды.

ТРТнын жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, дүйнөнүн алдыңкы медиа жогорку жетекчилеринин катышуусунда өткөн панелде ТРТнын башкаруу кеңешинин төрагасы жана башкы директору, ошондой эле ABU президенти Ибрахим Эрен, ТРТнын эпидемия мезгилиндеги иши жөнүндө баяндап берди.

ABU Башкы катчысы Жавад Моттагинин модераторлугунда болгон диспутта сөз сүйлөгөн Эрен, эпидемия мезгилинде ТРТда жүргүзүлүп жаткан коргоо чаралары, кризис мезгилинде көрүүчүлөр үчүн эфирдик белгидеги өзгөрүүлөр жана жаңы ченемге өтүүдө колдонулган стратегиялар жөнүндө айтып берди.

Бул мекеменин ичинде түзүлгөн "Коронавирустук комиссия" иш-чаралары күн сайын жаңыртылып жаткандыгын билдирген Эрен, адамдардын маанайын көтөрүү жана узак убакытка үйдө болуу стресстерин төмөндөтүү максатында «Үйдө турмуш кызыктуу» (Home Life Full) телекөрсөтүүсүн ачып, ТРТнын коомдук уктуруу милдетин ийгиликтүү аткаргандыгын айтты.

ABU Башкы катчысы Моттагинин суроолоруна жооп берип жатып, Эрен: «Ушул мезгилде ТРТ Кабар каналынын рейтинги дагы жогорулады. ТРТ пандемия учурунда эң ишенимдүү жаңылык булагы болуп калды. Ушул себептен ушул оор күндөрдө мамлекеттик кызматтын маалымат каражаттарына ишеним артып жатат»,деген жоопту берди.

Эренден тышкары, Австралиянын теле-радиоберүү корпорациясынын (ABC) башкаруучу директору Дэвид Андерсон,  NRTA Кытайдын Улуттук радио жана телекөрсөтүү администрациясынан ABU вице-президенти Сун Юшен, Индия телерадиоберүү корпорациясынын (Прасар Бхарати) башкы директору Саши Шехар Вемпати, Жапониянын берүү мекемесинин (NHK) вице-президенти Масагаки Сатору жана Корея теле-радиоберүү корпорациясынын (KBS) вице-президенти Лим БюнгКул катышты.

ТРТнын башкаруу кеңешинин төрагасы жана башкы директору Ибрахим Эрен, 2020-жылдын 26-27-августунда интернетте өткөрүлө турган "ABU Директорлор Кеңешинин жыйынына" төрагалык кылат.



Тектеш кабарлар