Абдуллах Эрен: «Түркиянын стипендиялары чын жүрөктөн берилүүдө жана жүрөктөрдөн түнөк табууда»

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын (YTB) кожоюндугунда борбор шаар Анкарада «9-Эл аралык студенттик бүтүрүү аземи» өткөрүлдү.

1463915
Абдуллах Эрен: «Түркиянын стипендиялары чын жүрөктөн берилүүдө жана жүрөктөрдөн түнөк табууда»
ytb mezuniyet.jpg
ytb mezuniyet.jpg

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын (YTB) төрагасы Абдуллах Эрен, Түркиянын стипендиялары чын жүрөктөн берилгенин жана мунун натыйжасында жүрөктөрдөн түнөк таап, даңгыр жол салынганын айтты.

YTBнын кожоюндугунда борбор шаар Анкарада «9-Эл аралык студенттик бүтүрүү аземи» өткөрүлдү.

YTB төрагасы Абдуллах Эрен, бул жерде сүйлөгөн сөзүндө YTB эл аралык студенттердин билим алуусунун бардык тармагында аларды колдогонун белгиледи.

Эрен: «Түркия катары бул стипендияларды сизден материалдык жооп күтүү менен жасаган жерибиз жок. Шексиз Түркиянын стипендиялары чын жүрөктөн берилүүдө жана мунун натыйжасында жүрөктөрдөн түнөк таап, даңгыр жол салынууда»,-деди.

Быйыл бүтүргөн 2500 студентке жана дүйнөнүн ар башка өлкөлөрүндөгү 150 миңден ашуун Түркия бүтүрүүүчүлөрүнө кайрылган Эрен: «Биз, сизден муну күтөбүз, биринчиси бүтүргөндөн кийин үй-бүлөңүзгө, чөйрөңүзгө жана мамлекетиңизге пайдалуу болушуңуз. Экиничиден Түркия жана өлкөңүздүн арасындагы карым-катнаштардын өнүктүрүлүшүнө салым кошууңуз. Үчүнчүдөн Түркиянын глобалдык адилеттүүлүк жана аброй күрөшүүсүнө ыктыярдуу түрдө колдоо көрсөтүүңүз. Сиздер, Түркиянын социалдык тарыхында ордуңузду алдыңыз. Эми Түркия сиздин экинчи мекениңиз. Ар дайым сизди Түркияда күтөбүз»,-деп айтты.

Эрен, быйыл бүтүргөн студенттердин 30га жакын өлкөдө 150 миңден ашуун мүчөсү болгон Түркия бүтүрүүчүлөрү коомдоруна да каттоого өтүүлөрүн сунуштады.

Сөз сүйлөөлөрдөн кийин Эрен, университеттерден даража алып бүтүргөн 11 студентке белектерин тапшырды. Андан соң аземге катышкан бардык студенттер шапкаларын асманга ыргытышты.

Азем, Түркия стипендиялары искусство тобунун музыка уктуруусу жана гала тамактын артынан бүтүргөн студенттердин үй-бүлөлөрү жөнөткөн видео билдирүүлөрүн көрүү менен соңуна чыкты.



Тектеш кабарлар