Россиянын туризм секторунда "Түркия" кубанычы...

Россиянын туризм тармагынын өкүлдөрү эки өлкөнүн ортосундагы 1-августта Стамбул жана Анкара , 10-августта Анталия, Даламан жана Бодрум арасында пландалган жана чартердик учууларды баалашты.

1462151
Россиянын туризм секторунда "Түркия" кубанычы...

Россиянын туризм тармагынын өкүлдөрү Түркия менен Россиянын ортосундагы аба каттамдарын калыбына келтирүү боюнча чечимди кубаттап, Түркияда эс алууга чоң талап бар экендигин билдиришти.

Россиянын туризм тармагынын өкүлдөрү эки өлкөнүн ортосундагы 1-августта Стамбул жана Анкара , 10-августта Анталия, Даламан жана Бодрум арасында пландалган жана чартердик учууларды баалашты.

Россиянын алдыңкы TEZ TOUR туристтик компаниясынын басма сөз катчысы Светлана Баранова, көптөгөн туристтер Түркия  менен Россиянын ортосундагы чек аранын ачылышын чыдамсыздык менен күтүп жаткандыгын айтып, «Түркияда  багытында кийинкиге жылдырылган чоң талап бар болчу. Биз Түркияда август айындагы эс алуу турларына карай чоң суроо-талап күтүп жатабыз»,- деди.

Россиядагы эң популярдуу билет сайттарынын бири Tutu.ru сайтынан коомчулук менен байланыштар боюнча адис Екатерина Сахарова: «Түркия, Россиянын эс алуучулар үчүн чек араларын ачуусун  көптөн бери күтүп турган өлкө. 24-июль саат 14.00дөн тарта Tutu.ru аналитикинин айтымында, Түркияга билеттерди издөө беш эсеге көбөйдү»,-деп айтты .

Сахарова: «Чек аралар эң көп кайсы өлкө менен ачылышын күтөсүздөр?» суроосу берилген сурамжылоонун жыйынтыгын бөлүшүп жатып, 20 мамлекет орун алган тизмеде Түркия добуштардын 20 пайызын алып, чоң айырма менен алдыга чыкканын белгиледи.

Россиянын эс алууну пландаштыруу кызматы OneTwoTrip өкүлү Елена Шелехов көптөгөн эс алуучуларга, анын ичинде чет өлкөдөгү эс алуучу жайлардын ачылышын күтүп жаткандыгын түшүндүрүп, «Түркия ар дайым орус саякатчыларынын популярдуу жери болуп келген»,- деди.

Былтыр 7 миллионго жакын россиялык туристти кабыл алган Түркия, Россиянын жарандары эң көп барган өлкөлөрдүн катарында биринчи орунда турат.



Тектеш кабарлар