Эфесте опера жана балет фестивалы башталды

Фестивалдын алкагындагы биринчи концерт Измирдеги байыркы Эфес шаарынын одеонунда болду.

1459385
Эфесте опера жана балет фестивалы башталды

3-Эл аралык Эфес опера жана балет фестивалы, Европа жана Осмон сарайларынын музыкалары менен башталды.

Фестивалдын алкагындагы биринчи концерт Измирдеги байыркы Эфес шаарынын одеонунда болду.

Европа жана Осмон сарайларында аткарылган чыгармаларды камтыган концертте көрүүчүлөрдүн коронавируска каршы беткап тагып, социалдык аралыкты сактагандары байкалды.

Фестивалдын программасынын алкагында 26-июлда боло турган Операнын концертинде көрүүчүлөр дагы сахна чеберчилигине катышышат. Интерактивдүү концерт операнын көңүлдүү жүзүн көрсөтүүгө багытталган.

Концертте белгилүү ариялар, наполитендер жана элдик ырлар көрүүчүлөрдүн катышуусунда аткарылат.



Тектеш кабарлар