Россия:«Түркия-Россия карым-катнаштары стратегиялык өнктөштүк деңгээлине чыгууда»

Россиянын Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында Түркия менен Россиянын ортосундагы карым-катнаштардын күнүнүн мындан дагы илгери болгону жана 500 жылдан дагы ашык экени эске салынды.

1428870
Россия:«Түркия-Россия карым-катнаштары стратегиялык өнктөштүк деңгээлине чыгууда»

Россиянын тышкы иштер министрлиги Түркия менен дипломатиялык карым-катнаштардын негизделишинин 100 жылдыгынан улам куттуктоо билдирүүсүн жарыялады.

Россиянын Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында Түркия менен Россиянын ортосундагы карым-катнаштардын күнүнүн мындан дагы илгери болгону жана 500 жылдан дагы ашык экени эске салынды.

Дипломатиялык карым-катнаш түптөлүшүнүн 100 жылдыгынын Россия жана Осмон империяларынын таркоосунан кийин эки тараптуу карым-катнаштардын өнүгүүсүндө жаңы баскыч болгону белгиленген билдирүүдө, «Түрк калкынын чет элдик баскынчыларга каршы күрөшүүсүнүн натыйжасында түзүлгөн Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) Өкмөтүн дүйнөдө алгачкылардан болуп Советтик Россия тааныган»,делди.

Россия Советтик Федеративдик Социалисттик Республикасынын Тышкы иштер Эл комиссары Георгий Цицерин тарабынан 1920-жылы 3-июнда ТУУЖдун төрагасы Мустафа Кеамал Ататүрккө ылдам түрдө «дипломаттык жана консулдук миссияларды түзүү» сунушу менен телеграф жибергени эске салынган билдирүүдө, ал убактын Советтик Россиясы менен ТУУЖ Өкмөтүнүн ортосунда дипломатиялык карым-катнаштардын түзүлүүсүнүн расмий күнү катары кабыл алынганы баса белгиленди.

Билдирүүдө, «Өткөн кылым бою жакшы коңшулук, эки тараптуу пайданын негизинде кызматташтык жана бири-бирилеринин кызыкчылыгына урмат сыйга таянган орус-түрк карым-катнаштары бир топ сыноодон ийгиликтүү өттү. Бүгүнкү күндө бул карым-катнаштар жогорулоодо, бир топ тармакта ишеничтүү кадамдар менен стратегиялык өнктөштүк деңгээлине чыгууда, аймактын ырааттуулугу жана коопсуздугунун күчтөнүүсүндө маанилүү фактор болду. Бул маанилүү күндө Түрк өнөктөштөрүбүздү куттуктайбыз»,делди.



Тектеш кабарлар