TRT World Citizen сыйлыгы 28-ноябрда тапшырылат
Быйыл "TRT World Citizen" демилгесинин алкагында адамзатка кызмат кылгандар сыйлыктандырылат.
Түркия радио-телеберүү мекемесинин(ТРТ) "Позитив өзгөрүүгө илхам болуу" урааны менен түзгөн социалдык жоопкерчилик демилгеси “TRT World Citizen” иш-аракетине 2 жыл толду.
Быйыл "TRT World Citizen" демилгесинин алкагында адамзатка кызмат кылгандар сыйлыктандырылат. Эл аралык тармакта бир топ маанилүү ысымды жолугуштура турган TRT World Citizenдин 2-сыйлык тапшыруу аземи Стамбулда өтөт.
28-ноябрда боло турган аземге президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган да катышат.
Аземде билим берүү, байланыш, жаштар, жылдын дүйнө атуулу жана өмүр бою ийгилик номинацияларында сыйлыктар тапшырылат.
World Citizenдин алкагында уюштурулган кыска метраждуу кино тасма сынагынын быйылкы темасы «Согуштагы аялдар» деп белгиленди.
Татаал шарттардын астында жашоолорун уланткан аялдардын аңгемелерин түшүндүргөн кино тасмалардын режиссерлору да World Citizen кечесинде сыйлыктандырылат.
Эң престиждүү сыйлык болгон Өмүр бою ийгилик сыйлыгы быйыл жасаган гуманитардык иштер менен дүйнөгө илхам болгон Юсуф Исламга тапшырылат.
Юсуф Ислам, кечеде жаңы түзгөн кайрымдуулук мекемеси «Тынчтык поездин» алгач ирет дүйнөгө таанытат.
Тектеш кабарлар
Түрк илимпозуна Германиядан сыйлык
Гумбольдт фонду кечээ борбор калаа Берлинде сыйлык тапшыруу аземин өткөрдү.
Бүгүн Энелер күнү
Түркияда май айынын экинчи жекшембиси ар дайым Энелер күнү катары белгиленип келет.