Түрк ашканасы Иорданияда таанытылууда

Иш чарада шеф Нуман Салы тарабынан даярдалган түрк ашканасынан даамдар түрк музыкасынын коштоосунда таанытылды.

1280554
Түрк ашканасы Иорданияда таанытылууда

 Түрк маданият күндөрүнүн негизинде иорданиялыктарга  түрк  даамдары таанытылууда.

Түркиянын Амман элчилиги жана Юнус Эмре Институтунун  кызматташуусу менен Түрк ашканасы күндөрү иш чарасына Түркиянын Амман элчиси Мурат Карагөз жана көп сандаган киши катышты.

Иш чарада шеф Нуман Салы тарабынан даярдалган түрк ашканасынан даамдар түрк музыкасынын коштоосунда таанытылды.

Элчи Карагөз 2020  Түркия  - Иордания маданият жылына даярдануунун негизинде уюштурулган Түрк Манадият Күндөрүн 29 -  сентябрда көргөзмө жана кино көрсөтүү менен башташкандарын, бүгүн да түрк ашканасы менен  музыкасын таанытууга өтүшкөндөрүн айтты.  

Борбор шаар Амманда башталган Түрк ашкана күндөрү 3 күнгө созулат.

Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой менен Иордания маданият жана жаштар министри Мухаммед Эбу Румман 17 -  сентябрда  2020 Түркия  - Иордания маданият жылынын ниет жарлыгына кол койгон.



Тектеш кабарлар