Түркияда музейлердин саны 451ге жетти

Түркиянын статистика мекемеси 2018-жыл тууралуу «Маданий мурас статистикаларын» жарыялады.

1277123
Түркияда музейлердин саны 451ге жетти

Түркиянын жалпысында музейлердин саны өткөн жылы мурдагы жылга салыштырмалуу 3 пайызга көбөйүп 451ге жетсе, Маданият жана туризм министрлигине караштуу музей жана уранды жерлерге баргандардын саны 37,7 пайызга өсүп 28 миллион 169 миң 615 киши болду.

Түркиянын статистика мекемеси 2018-жыл тууралуу «Маданий мурас статистикаларын» жарыялады.

Буга караганда Түркиянын жалпысында музей саны өткөн жылы 2017-жылга караганда 3 пайызга артып 451ге жетти.

Бул музейлердин 200ү Маданият жана туризм министрлигинин карамагында, 251и жеке менчик музей категориясында орун алган.

Маданият жана туризм министрлигине караштуу музейлердеги чыгарма саны, өткөн жылы мурдагы жалга салыштырмалуу 1 пайызга артып 3 миллион 337 миң 766 болду.

Маданият жана туризм министрлигине караштуу музей жана уранды жерлерге баргандардын саны да ошол эле мезгилде 37,3 пайызга артып 28 миллион 169 миң 615 киши деп катталды.

Түркияда өткөн жылы министрликке караштуу акы менен кирүүчү музей жана уранды жерлерге келгендердин саны да мурдагы жылга салыштырмалуу 44,5 пайызга өсүү көрсөттү.



Тектеш кабарлар